Пятница, 20 сентября

Египеттин жаңы борбору Парижден 7 эсе чоң болот

0

Кытайдын инженердик компаниясы Египетте жаңы борбор калаа курууда.

Египеттин жаңы борбор калаасы Каирдин чыгыш тарабынан 45 км. аралыктагы жерге курулууда.
Белгилей кетсек, жаңы борбор шаарга берилген жер 700 км.кв. түзөт.

Тагыраак айтканда Парижден 7 эсе чоң жерге курулмакчы.
Эки тараптуу макулдашуулардын негизинде Пекин бул чоң долбоорду ишке ашырууда Египетке 15 млрд. доллар грант берген.

Жаңы борбор калаа Каир менен Суэц каналынын ортосундагы аймакка жайгаштырылмакчы. Египеттин жаңы борбор калаа куруусунун максаты — Каирде калктын жыштыгын суюлтуу болууда жана адистердин айтымында, мындай ыкма менен улана берсе 2050-жылга дейре Каирдин калкы 40 млн. адамга жетмекчи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз