Пятница, 20 сентября

 Кыргызстандык украин чалгынчысынын унаасын жардырууга аракет кылган

0

4-апрелге караган түнү Киевдин Голосеев  районунда автомашина жардырылган. Окуя болгон жерге көп өтпөй ыкчам-тергөө тобу, кинологдор, врачтар жана жарылуу боюнча адистер жетип барышкан.

Полиция кызматкерлери жардырылган Chevrolet Evanda автомашинасын көрүшкөн, бир адам жаракат алган. Аны ооруканага жеткиришип, полиция 1Украинанын Кылмыш кодексинин 5-беренесинин 3-бөлүгү, 115-беренесинин 2-бөлүгү (Адам өлтүрүү максатында кол салуу) жана 263-беренесинин 1-бөлүгүнө (Курал, октолгон жабдык же жардыргыч заттарды мыйзамсыз колдонуу) ылайык кылмыш ишин козгогон.

Кийинчерээк ал машинага белгисиз бирөө жардыргыч зат коюуга аракет кылгандыгы аныкталды. Бирок ал эрте жарылып кетип, коюп жаткан адам өзү жаракат алган. Журналист Юрий Бутусовдун айтуусунда, машина Бириккен күчтөрдүн операцияларына катышкан украиналык офицерге таандык болгон. Полиция азырынча тергөөнүн жашыруундуулуга шилтеме берип, бул жагдайды тастыктай элек.

Жеке булактардан иш аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилгендиги белгилүү болду.

Өз кезегинде эл өкүлү  Игорь Мосийчук каза болгон адам – Кыргызстандын жараны экендигин билдирди. Анын айтуусунда, жардыргыч зат ал дөңгөлөктүн астына коюп жатканда иштеп кеткен. Жарылуунун натыйжасында ал адамдын манжасы үзүлүп кетип, оор абалда ооруканада жатат. Депутат ошондой эле Украина коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын автомашинасына жардыргыч орнотуу аракети көрүлгөн  К. аттуу офицери мурда, 2017-жылы 27-июнда россиялык диверсанттар тарабынан жардырылган полковник Максим Шаповаловдун орун басары болуп иштегендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Украина коопсуздук кызматынын төрагасынын кеңешчиси Ярослав Антонюк Facebookка жардыруучунун татуировкасынын  фотосун жарыялады.

«Бүгүн түндө кызыктуу сапёр украиналык чалгынчыны жардырууга аракет кылды. Татуировка: Жолборс-ягуар, күн-маори. Мүмүкүн аны бул жакка кандайдыр бир жолдор менен даярдап жөнөтүшкөндүр. Бирок көзөмөлдөнбөй калган да жардыруулар болот. Анын кесепетинен жардыргычтар өздөрү колу жок калышат. “,- деп жазган ал фотого.

Кийинчерээк жардыруу аракетин көргөн адам ооруканада каза тапкандыгы белгилүү болду. “Жардыргычты коюп жатканда ал иштеп кетип, жардыргыч өзү денесинен көптөгөн жаракаттарды алган жана ооруканада өзүнө келбей каза тапты”,- деп айтылат Украина Башкы прокуратурасынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз