Пятница, 26 апреля

Мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзгөн квартал башчылары кармалды

0

Борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери шайлоо өнөктүгү учурунда административдик ресурс колдонулганын аныкташты.

18-ноябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Биринчи май районундагы эки Муниципалдык аймактык башкаруунун кварталдык комитеттеринин төрагалары А.Т. жана Т.Н. саясий партияларга добуш берүү үчүн мыйзамсыз үгүт жүргүзгөн. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилип, күнөөсүн мойнуна алышкан.

Аталган факты Жоруктар кодексинин 87-1 (Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу) беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз