Кыргызстан-Түрк “Манас” университетинде ФЕТО түзүлүшү боюнча бир катар семинарлар өтүүдө.
Түркия ички иштер министрлиги жана Элчилиги, Кыргыз-Түрк «Манас» Университети тарабынан 2021-жылдын 16-18-ноябрь аралыгында өткөрүлгөн семинарларда ИИМ башчысы, контрабанда жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Окан Каплан, Терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Эртугрул Учар, башка өлкөлөргө да чоң зыян келтирген ФЕТОнун чыныгы жүзүн, Кыргызстан тараптан катышкан катышуучуларга ачып беришти.
2021-жылдын 16-ноябрында ректораттын жыйындар залында студенттер үчүн өткөрүлгөн биринчи семинарда Окан Каплан жана Эртугрул Учар «ФЕТО менен күрөшүү» темасында баяндама жасашты. Экинчи күнү да студенттер үчүн боло турган семинарлар сериясынын үчүнчүсү бейөкмөт уюмдары жана басма сөз кызматынынын өкүлдөрү үчүн болмокчу.