Баш калаада Улуттук тарых музейинин оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш аземи өтүп жатат.
Ачылышка журналисттер чакырылып, салтанат музыкалык оркестрдин коштоосунда өтүүдө.
Белгилей кетсек, 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат.
Тарых музейин оңдоо иштери 2016-жылы 25-мартта башталган. Ага жалпысынан 1,5 млрд сомдон ашык каражат жумшалган.