Вторник, 21 мая

Саясий партиялар 155 млн сом коротту

0

БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан, ошондой эле бир мандаттуу шайлоо округдарында талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы каражаттары жөнүндө маалымат берди.

Шайлоого 21 саясий партия катышууда.

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык, 17-ноябрга карата саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы 167 млн 23 миң 757 сом келип түшкөн. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынан жабууга 154 млн 966 миң 679 сом сарпталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз