Пятница, 17 мая

Анталияда Кыргыз-Түрк саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелер талкууланды

0

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Коджо менен жолугушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тарап саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтык тууралуу талкуулады.

«Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Түрк достук ооруканасын Бишкек шаарындагы медициналык тез жардам көрсөтүүчү жана жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган бейтаптарды тез жардам унаасы аркылуу кабыл алган саламаттыкты сактоо уюмдарынын катарына кошумча түрдө киргизүү маселеси талкууланып, чечим кабыл алынды.

Бул калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат, зарыл болгон учурда мындай бейтаптар дароо ангиографиялык текшерүүдөн өтүп, стент коюудан өтүшөт», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары жыл сайын Түркиядан ординатурага 20 адамды окутуу боюнча маселени чечүүнү тездетүү жана өлкөдөгү орто мектепти аяктаган окуучуларды Түркиянын медициналык Жогорку окуу жайларында окутуу мүмкүнчүлүгүн алуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Алымкадыр Бейшеналиев Түркиядан коронавирус илдетине жардам катары берилген 150 миң доза Sinovac вакцинасын бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей өтсөк, жолугушуу HIMSS EURASIA 2021 эл аралык конференциясынын алкагында өттү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз