Четверг, 2 мая

Түрк элчиси: “ФЕТО балдарды бетине кармап келет”

0

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде уюштурулган ФЕТО уюму тууралуу жыйында сүйлөп жатып балдары ФЕТОнун мектептеринде окуган ата-энелерге кайрылды. Ал “ФЕТО уюму кооптуу максаттарын жашыруу үчүн мектептерди ачып, окуучуларды бетине кармап жатат. Болбосо бул уюмдун негизги максаты таптакыр башка. Мамлекеттик мекемелерди ээлеп, бийлик жана байлык топтоону көздөшөт. Кыргызстандын кызыкчылыгын эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюшат. Тоскоол болгондорду жок кылышат” — деп айтты.

 

 

Фетонун мектептеринде окуган балдар башка мектептерге которулмайынча Түркиянын жогорку окуу жайларында окуй албастыгын эске салган түрк элчиси, жакында Кыргызстанда ачылган жана эл аралык деңгээлде билим берген “Маариф” билим берүү комплексинин кызматынан пайдалууну ата-энелерге сунуштады.

Ахмет Садык Доган Кыргызстанда жашырынып жүргөн ФЕТО уюмунун мүчөлөрүнө да кайрылуу жолдоду. Доган: “Бул жакта жүргөн ФЕТО уюмунун мүчөлөрүнө кайрылып жатам. Жасаган кылмыштарыңарды мойнуңарга алып Түркиянын сот системасына кайрылгыла. Эртерээк туура эмес жолдон кайткыла” — деди.

ФЕТО уюму Фетхуллах Гүлен тарабынан түптөлгөн “Фетхулахчыл террордук уюмунун“ кыскартылышы болуп эсептелинет. ФЕТО уюму, 15-июль 2016-жылы Түркияда мамлекеттик төңкөрүштү ишке ашырууга аракет кылган. Натыйжада 251 киши өлүп 2 734 киши жаракат алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз