Пятница, 17 мая

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча 3 миллион 703 миң 420 шайлоочу катталды

0

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча 3 миллион 703 миң 420 шайлоочу катталды Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо — 2021 (174 материал) Бирдиктүү шайлоо округу боюнча 3 миллион 703 миң 420 шайлоочу катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

28-ноябрында өтүүчү парламенттик шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмеси 2021-жылдын 18-ноябрында түзүлүп шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны – 3 миллион 703 миң 420 шайлоочу, алардын ичинен чет өлкөдө катталган шайлоочулардын саны 84 миң 128 шайлоочу. Үстүбүздөгү жылы 9-сентябрда сайтка жайгаштырылган бирдиктүү шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмесиндеги шайлоочулардын санына (3 миллион 686 миң 921) салыштырганда 16 миң 499 шайлоочуга өстү.

Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны — 3 миллион 621 миң 751 шайлоочу (чет өлкөлөрдө катталган шайлоочулардын санын эсепке албаганда). 9-сентябрда сайтка жайгаштырылган Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу округдардагы шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмесиндеги шайлоочулардын санына (3 миллион 617 миң 591) салыштырганда 1 миң 701 шайлоочуга өстү.

Шайлоочулар өздөрүнүн шайлоочулардын тизмесине киргендиги, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын номери жана дареги тууралуу маалыматты төмөнкү жолдор менен тактап алса болот: 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен; «tizme.gov.kg» сайтында; Өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз