Среда, 24 апреля

Шайлоо: Эки партиянын тизмесинен талапкерлер чыгарылды

0

Эки партиянын тизмесинен талапкерлер чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кыргызстандын Жашылдар партиясы» саясий партиясы көрсөткөн Мыктыбек Адилет Алини, «Улуу Журт» саясий партиясы көрсөткөн Шарабидин Токтосуновду тизмеден чыгарышты. Алар өздөрү жазган арыздын негизинде тизмеден чыгарылган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы чакырылышта 90 депутат болот, анын 54ү партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ менен шайланып келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз