Пятница, 26 апреля

Садыр Жапаров прокуратура органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

0

Мамлекет башчы Садыр Жапаров прокуратура органдарында иштегендерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал жалпы кызматкерлерге коомго мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Садыр Жапаров прокуратура кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып алардын айлыгын көтөрүү боюнча жарлык даярдалып жатканын айтты. Мындан тышкары кызматтык турак жай курула баштаганын да билдирди.

«Мурда убада бергендей айлык акыңыздарды 2022-жылдын башынан тартып көтөрүү жөнүндө жарлыгымды даярдап жатам. Мындан сырткары кошумча административдик имараттар жана кызматтык турак жайлар курулууда. Сиздердин эмгек акыңыздарды бир айдан экинчи айга кенен жеткидей кылып беребиз, шарттарды түзөбүз. Бирок мамлекет тарабынан ишиңиздердин сапатына, адилеттүүлүккө катуу сурак болот. Ошону унутпаңыздар», — деди Жапаров.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз