Пятница, 20 сентября

Чет мамлекеттерде окуган студенттер көбөйдү

0

Жогорку окуу жайлар арасында түзүлгөн академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимдердин негизинде кыргызстандык студенттер чет мамлекеттерге чыгып, билимдерин өркүндөтүп жатышат.

Алардын бири катары Ош мамлекеттик университетинин студенттерин айтса болот. Аталган окуу жай Батыш Чех университетинин ортосунда келишим түзүп, студенттерди окууга жөнөттү. Мында студенттер дайындалган окутуучулар менен барып, алардын көзөмөлүндө болушат. Бул тууралуу Ош МУнун Эл аралык байланыштар болумунун башчысы Эрлан Камалов билдирди.

 

Аталган эки окуу жай академиялык алмашуу программасы менен 3 жылдан ашуун убакыттан бери кызматташып келет. Келишимде эки тараптын студенттери үчүн жеңилдиктер да каралган. Окуу процессинде кошумча тил курстары да уюштурулат. Аны менен катар кыргызстандык студенттерге акысыз жатакана жана стипендия берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз