Пятница, 17 мая

В.  Шевченко 8 жылдан кийин Кыргызстанга  кайтат

0

Кыргызстандык мушкер  Валентина Шевченко 7-апрель күнү Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Шевченко  өзү видео кайрылуу жасады.

Анда мекендешибиз, “Урматтуу, достор! Мен сиздер менен кубанычтуу кабарды бөлүшкөнү турам. Мен, Бишкекке барам. Жакында көрүшөбүз!”,-деп айтты. Ал акыркы жолу Кыргызстанга 8 жыл мурун, тактап айтканда 2011-жылы келген болчу.

Ал арада спортчу Кыргызстандын Түштүгүн да кыдыра турганы боюнча маалымат тарады. Ал 9-апрелде Ошко барып, күйөрмандары менен жолугат.  Бул туурасында Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитиетинин маалымат катчысы Жылдыз Аятиллаева билдирди.

Анын айтымында, спортчу айымдын  Оштогу күйөрмандары менен жолугушуусу борбордук аянтта кечки саат 18:00дө болот.

Валентина Шевченко азыр UFC уюмунун эң жеңил салмагында чемпион жана дүйнөлүк рейтингде алдынкы катарда турат. Ал, чемпиондук курун  өткөн жылдын 8-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, колго киргизген.

Эми, Шевченко кезектеги беттешин ушул жылдын 9-июнда өткөрөт. Ал күнү анын атаандашы америкалык Жессика Ай болмокчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз