Воскресенье, 28 апреля

Улуттук тарых музейи дүйшөмбүдө жабык болот

0

Кыргыз улуттук тарых музейи дүйшөмбү күнү жабык болот. Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, бул күнү имаратта санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Музей шейшембиден тарта жекшембиге чейин меймандар үчүн ачык.

Оңдоо иштеринен кийин ачылган биринчи он күндүктө — 20-30-ноябрга чейин саат 10:00 — 18:00 аралыгында бардык каалоочулар музейге акысыз кире турганы жарыяланган.

Тарых музейи 2016-жылдын 25-майында оңдоп-түзөө үчүн жабылган. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Ошондой эле 15 миллион доллар Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) аркылуу каржыланып, имараттын сыртын жасалгалоого багытталган.
Музей 5 жыл 5 ай 25 күн жабык болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз