Гүленчилер өз убагында республикалык жалпы сынактын суроолорун уурдап, өздөрүнүн окуучуларына берип турушкан. Бул тууралуу Түркиянын Терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Эртугрул Учар Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде уюштурулган жыйында маалымдады. Анын айтымында ФЕТО уюмунун билим берүү тармагындагы адистери сынактын суроолорун алдын ала уурдап, уюмдун мүчөлөрүнө берип турган. Натыйжада алар катардагы жарандарды озуп, суроолорго 100 пайыз туура жооп беришкен. Эң таң калыштуусу кээде сынакка катышкан жубайлардын экөө тең 120 суроонун баарынын туура жообун тапкан. Мындай учурлардан күмөн санаган Билим берүү министрлиги сынакты кайрадан өткөргөндө ал кишилер суроолордун араң жарымына жооп беришкен.
Түркиялык коопсуздук кызматкеринин айтымында, мамлекеттик кызмат үчүн уюштурулган тестирлөөнүн жоопторун уурдаган ФЕТО уюмунун мүчөлөрү өздөрүнүн кишилеринин тестирлөөдөн жогорку упай алуусун камсыз кылган. Полиция, сот, прокуратура, акимчилик сыяктуу мекемелер уюштурган сынактардын суроолорун ал мекемелерде иштеген ФЕТОнун мүчөлөрү уурдап мамлекеттик кызматтагы өздөрүнүн катарын калыңдаткан.
ФЕТО уюму Фетхуллах Гүлен тарабынан түптөлгөн “Фетхулахчыл террордук уюмунун“ кыскартылышы болуп эсептелинет. ФЕТО уюму, 15-июль 2016-жылы Түркияда мамлекеттик төңкөрүштү ишке ашырууга аракет кылган. Натыйжада 251 киши өлүп 2 734 киши жаракат алган.