Пятница, 24 апреля

Акылбек Жапаров иш сапары менен Москвага учуп кетти

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Москвага жөнөп кетти.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын алкагында Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушуу пландалып, анда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.

Сапар тууралуу макулдашуу үстүбүздөгү жылдын 18-19-ноябрында Ереванда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында өткөн Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз