Ош облусунун аймагында тоннасы 3000 сомдон көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, көмүрдүн сапаты атайын адистердин текшерүүсүнөн өткөрүлгөн.
«Аталган көмүр Өзгөн районунун 15 жаш айылындагы карьерден алынып келинип, буга чейин Ош облусунун аймагында иштеп жаткан социалдык базаларда сатылат.
Арзан көмүрдү алуу жана даректери тууралуу маалыматтар боюнча Райондук мамлекеттик администрация же Айыл өкмөттөргө кайрылсаныздар болот», — деп жазылат маалыматта.
