Бүгүн, 22-ноябрда өкмөт үйүнүн жанында гепатит менен ооругандардын митинги өтүүдө.
20га жакын адам президент Садыр Жапаровдон алардын талаптарын угууну суранды.
Рысбек Учкеев журналисттерге билдиргендей, Кыргызстанда гепатит менен ооругандардын саны өсүүдө. Ал мындай бейтаптарга өкмөттүк деңгээлде жардам берүү керек деп эсептейт.
«Гепатология борборун же ооруканаларды куруп, барына жеткиликтүү боло турган жакшы дары-дармек менен камсыз кылуу керек. Маселебиздин тез арада чечилишин каалайт элем», — деди ал.