Түштүк Кореянын экс-президенти Чон Ду Хван 91 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, экс-президент Сеулдагы үйүндө каза болгон. Ал өнөкөт оорулар менен жабыркап келген.
Чон Ду Хван 1980-жылдан 1988-жылга чейин мамлекетти башкарган. Ал бийликке аскердик төңкөрүш менен келип, коррупцияга байланыштуу айыптоолордон кийин кызматтан кеткен.