Суббота, 23 ноября

Жапаров Россия Президентинин администрациясынын жетекчиси А.Вайно менен жолугушту

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Президентинин администрациясынын жетекчиси Антон Вайно менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Биз кызматташтыгыбыздын бардык багыттар боюнча ырааттуу өнүгүүсүнө жана чыңдалышына кызыкдарбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Ал Россия тарапка пандемия жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Антон Вайно эки өлкөнүн администрациясынын башчыларынын линиясы боюнча натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

Ал өлкөбүздө өтүүчү парламенттик шайлоолордун ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекет ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелри талкууланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз