Пятница, 17 мая

Кыргыз аскерлери Тажикстанда машыгуу өткөрдү

0

Тажикстандын “Фахробод” аскердик полигонунда “Кобальт-2021” атайын тактикалык машыгуулары өттү. Бул тууралуу ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, машыгууларга Ички иштер министрликтеринин атайын бөлүктөрү жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү тартылган.

«Иш-чаралар заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүүдө укук коргоо органдары менен коопсуздук органдарынын эл аралык кызматташуусун бекемдөөгө багытталган. Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстандын укук коргоо жана аскер кызматкерлери мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу боюнча операцияларды пландоо жана өткөрүү боюнча иштешти», — деп билдирди министрлик.

Иш-чарада Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөгөн. Анда министрдин орун басары «Кобальт-2022» кезектеги тактикалык-атайын машыгуулары Кыргыз Республикасында пландалып жатканын баса белгилеп, ар тараптуу колдоо жана жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз