Вторник, 30 апреля

Орхан Инанды: Психикалык жактан оорулуумун

0

Түрк атайын кызматтары тарабынан кармалып Түркияга алынып кеткен “Сапат” билим берүү мекемелеринин жетекчиси Орхан Инанды психикалык жактан оорулуу экендигин айтып сотто жактоочудан баш тартты. Бул тууралуу Түркиядагы жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Анкара шаарында Орхан Инандынын иши боюнча соттук отурум өттү. Бирок Инанды психикалык абалына байланыштуу өзүн-өзү толук түрдө коргой албай тургандыгын айтып, ыйлап жиберди.
Соттун “Төңкөрүш болгон күнү да сиз ушинтип ыйлагансызбы?”- деген суроосуна, “Ооба, ыйлаганмын. Себеби мен төңкөрүш жөнүндөгү буйрукту Фетхуллах Гүлендин бергенине ишенбейм”- деп жооп берди.
Орхан Инандыдан сырткары эки күбө: Исхак Т. жана Өндер О. да сурак беришкен.
Алар Орхан Инандынын атын угушканын, ал Кыргызстандагы ФЕТО уюмунун башчысы экенин билишээрин айтышты.
Эске сала кетсек, Орхан Инанды 2021-жылдын 31-май айында жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган ТРТ HABER млекеттик телеканалда сүйлөп жатып ФЕТО уюмунун башчысы Орхан Инанды кармалып Түркияга алып келингенин жарыялаган.
ФЕТО уюму 15-июль 2016-жылы Түркияда төңкөрүш аракетин ишке ашыргандан кийин сот тарабынан террордук уюм деп таанылган. ФЕТОнун жетекчиси Фетхуллах Гүлен АКШнын Пенсильвания штатында жашайт. ФЕТОнун айрым мүчөлөрү Кыргызстанда да жашырынып жүргөнү маалым.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз