Улуттук банк 23-ноябрда валюта базарына дагы бир жолу ири интервенция жасап, бул ирет 70 млн 300 миң АКШ долларын сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.
Белгилей кетсек, бул жыл башынан бери жасалган 12чи интервенция.
Эске салсак, Улуттук банк акыркы жолу үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында интервенция жасап, $55,4 млн саткан.