Вторник, 7 мая

Кыргызстанга 115 миң доза «Модерна» вакцинасы келет

0

Кыргызстанга 25-ноябрда 115 миң доза «Модерна» вакцинасы келет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Ал белгилегендей, вакцина COVAX программасы аркылуу алынат.

Аталган вакцина аймактарга бир жуманын ичинде, ал эми Бишкектеги эмдөө борборлоруна эки күндө жеткирилет.

«Вакцинанын эффективдүүлүгү 90%дан ашат. Дары -15 … -25 температурада сакталат. Андан кийин аларды эритип, эмдөө пункттарында 30 күн сактоого болот», — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз