Суббота, 20 апреля

БШК Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти

0

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-ноябрдагы отурумунда «Социал-демократтар» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбековду каттоону жокко чыгарды.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган чечимге БШКнын 10 мүчөсү добуш берди.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Момбековдун Ж.Баласагын атындагы КУУнун дипломунун жасалма экени тууралуу ишти иликтеп жатканын маалымдаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз