Пятница, 3 мая

Бир суткада 70 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

0

Кыргызстанда 25-ноябрга карата коронавирус дагы 70 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 23, Чүй облусунда — 21, Ош облусуна − 6, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 67 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 48, Чүй облусунда — 1, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Талас облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 457 бейтап, амбулатордук түрдө 579 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 66 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 760 киши айыгып чыкса, 2 миң 734 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз