Воскресенье, 19 мая

Акылбек Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынына катышты

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.

Жыйын видеоконференция режиминде өтүп анда ШКУ га мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары сөз сүйлөдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрлер кабинетинин төрагасы ШКУ аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча жалпы күч-аракеттерди координациялоо үчүн жемиштүү аянтча экенин белгилеген.

«ШКУ эл аралык уюмдардын арасында өзгөчө орунду ээлейт жана тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту сактоого, ошондой эле туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзүнүн күч-аракетин багыттайт», — деген Акылбек Жапаров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз