Понедельник, 6 мая

Бүгүн шайлоо алдындагы “тынчтык” күнү

0

Бүгүн, Кыргызстанда шайлоо алдындагы “тынчтык” күнү.

БШКдан билдиришкендей, шайлоо тилкелеринин ачылышына бир сутка калганда бардык үгүттөө иштери токтотулат. Аларга партиялардын өкүлдөрүнүн эл алдында ММКлар аркылуу сүйлөшү, жолугушуулар жана шайлоо алдындагы роликтерди чагылдыруулар кирет. Ушундай эле максатта эл чогултууга дагы болбойт. Көчөлөргө илинген баннерлер да алынышы шарт.

Бардык каржылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү добуш берүүдөн бир күн мурун саат 18:00дө токтотулат.

Мыйзамсыз үгүт иштери болгон учурда мыйзам бузуучуларга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

Шайлоо участоктору эртең саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз