Суббота, 21 сентября

Армениянын премьер-министри: «Карабах Азербайжандыкы»

0

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян армениялыктарды «Карабах ансыз деле Азербайжандыкы» деген пикирге көнүүгө чакырды. Бул тууралуу премьер-министр жыйында айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

«Карабах Азербайжандыкы. Биз отуз жыл бою өзүбүздү алдап келдик, акыры болчусу болду», — деген Пашинян.

Ошол эле учурда жыйынга катышкан коомчулуктун өкүлдөрү премьер-министрдин бул сөздөрүнө комментарий берүүдөн баш тартышкан.

1993-жылдан бери Армениянын оккупациясы алдында калган Карабахты 2020-жылы 44 күн ичинде Азербайжан өзүнө толугу менен кайтарып ала алган. Дээрлик 1 жарым айга чукул согушта Армения 3 миң 788 аскерин жана жарандарын жоготсо, Азербайжан тараптан 2 миң 908 адам каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз