Воскресенье, 19 мая

Суткада коронавирус дагы 67 адамдан табылды

0

Кыргызстанда cуткада коронавирус дагы 67 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анын ичинде Бишкек шаарында — 21, Чүй облусунда — 10, Ош облусуна − 4, Талас облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 8 адамдан илдет табылган.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 207 адам коронавирус жуктурган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз