Понедельник, 6 мая

Сот Рыскелди Момбековдун талапкерлик укугун кайтарып берди

0

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков боюнча сот БШК чечимин жокко чыгарды.  Бул туурасында Момбековдун тарапташтары билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык административдик сотунун судьясы Азиз Эшалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин толугу менен жокко чыгарды. Момбековду кайрадан шайлоо тизмесине кошту.

Рыскелди Момбеков Социал-демократтар партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары шайлоого катышып жаткан. БШК 24-ноябрда талапкердин диплому жасалма деген негиз менен шайлоодон четтеткен болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз