Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди.
Добуш берүүдөн кийин ал кыскача сөз сүйлөдү.
«Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ошондуктан, бардык жарандарыбызды шайлоо процессине активдүү катышууну суранам. Кыргызстандын келечеги, балдарыбыздын келечеги сиздердин добушуңуздардан көз каранды. Дагы бир жолу келип добуш берүүңүздөрдү суранам», — деди президент.
