Воскресенье, 19 апреля

Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаров добуш берди

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышты. Ал добуш берүү үчүн Бишкек шаарындагы №71 жалпы орто билим берүү мектеп-интернатынын имаратында жайгашкан №1142 шайлоо участогуна барды, деп билдирди Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

«Биздин шайлоого жана шайланууга укугубуз бар. Сиздер татыктуу тандоо жасап, сиздердин кызыкчылыгыңыздарды жактап, экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзүп, сиздердин пенсияларыңызды жана айлык акыңыздарды жогорулата турган мыйзамдарды жаза турган депутаттарды шайлайсыздар деп ишенем.

Өлкө тарыхында алгач ирет Президенттин администрациясы жана Министрлер кабинети шайлоо процессине кийлигишкен жок деп айтууга болот. Сиздердин жоопкерчиликтүү, салмактуу, патриоттук жарандык позицияңыздарга ишенем», — деди А.Жапаров.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз