Өлкөдө саат 12:00гө карата бирдиктүү округ боюнча шайлоочулардын 9,17 пайызы добуш берди.
Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди. Жалпы шайлоочулардын саны 3 миллион 703 миң 420ны түзөт. Саат 12:00гө карата 339 миң 785 шайлоочу добуш берди.
