Суббота, 23 ноября

COVID-19дун жаңы штаммы тынчсызданууну жаратууда

0

Министрлер кабинети COVID-19дун жаңы аныкталган Омикрон штамм боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен чукул кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашат.

«Омикрон деп аталган COVID-19дун жаңы штаммын дүйнөлүк уюм «тынчсызданууну жараткан» штаммдардын тизмесине киргизди. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргыз жергесиндеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назира Артыкова республикадагы туруктуу эпидемиологиялык абалга карабастан инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн республиканын калкынын арасында эмдөө иштерин тездетүү зарыл экенин айтты. Анткени омикрон штаммы башка COVID-19 штаммдарына салыштырмалуу өтө тез жайылуу жөндөмүнө ээ.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн жаңы штаммдын пайда болушуна байланыштуу ресурстарды мобилизациялоо жана чараларды күчөтүү боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынарын билдирди. Ал Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Тышкы иштер министрлигине коронавирустун жаңы штаммынын республиканын аймагындагы жайылышын алдын алуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Тараптар массалык эмдөө COVID-19 менен күрөшүүнүн жападан жалгыз натыйжалуу ыкмасы экенине макул болушту», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз