Бишкекте өткөн түн тынч өткөнүн Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Шаардык милиция жарандардын коомдук коопсуздугун, борбордо жеке жана мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылды.
Коомдук транспорттун кыймылы графикке жана жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдарга ылайык жүргүзүлүп, бардык мамлекеттик органдар менен ведомстволор штаттык режимде иштеп жатышат, деп айтылат билдирүүдө.
Бишкек ШИИБдин кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоону кадимки режимде жүргүзүүнү улантууда.