Понедельник, 6 мая

1-декабрдан тарта Кыргызстанга кирүү үчүн ПЧР-тест талап кылынат

0

1-декабрдан тарта Кыргызстанга кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. Ошондой эле инфекциянын жаңы «Омикрон» штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.

Министрлик жана ведомстволорго республикада COVID-19дун жаңы штаммына байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурда толук даярдыкта туруусу тапшырылды.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен COVID-19дун жаңы штаммы маселеси боюнча чукул консультация өткөрүлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз