Воскресенье, 19 мая

1-декабрдан тарта инфекциялык оорукана коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл албайт

0

Бишкек шаардык  Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы кадимки тартипте иштеп баштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин бөлүм башчысы Егор Борисов Твиттердеги баракчасында жазды.

Борисовдун айтымында, бул 1-декабрдан тарта инфекциялык оорукана коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл албайт дегенди билдирет. Ал белгилегендей, «коронавирус менен ооругандар дээрлик калган жок».

«COVID-19 менен ооругандарды башка ооруканалар кабыл алат, аларда тийиштүү койка орундар даярдалган», — деп кошумчалады ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз