Пятница, 22 ноября

Биринчи Май жана Свердлов райондорунда кайра шайлоо качан өткөрүлөт?

0

Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда «баарына каршы» добушу эң көп топтолду. Мындай аталган округдарда кайра шайлоо өткөрүлөт. Азырынча бул алдын ала жыйынтыктар, расмий жыйынтык чыга элек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин, «баарына каршы» добушу эң көп топтолду деп далилденген соң шайлоо дайындала турганын билдирди. Анын айтымында, 1 айдын ичинде шайлоо дайындалат.

Белгилей кетсек, Биринчи Май районунда бардыгына каршы добуш 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз болду.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жыйынтыкталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз