Суббота, 4 мая

Шайлоодогу бюллетендердин 30% ашууну кол менен саналып бүттү

0

Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 30,43 пайызы кол менен саналып бүттү. Ага ылайык, жалпы 2 миң 494 шайлоо тилкесинен 712 участканын маалыматы келип түштү. Ал 28,55 пайызды түзөт.

Кол менен эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы:

• “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы — 14,58%;
• “Ынтымак” партиясы — 13,84%;
• “Ишеним” партиясы — 11,90%;
• “Альянс” партиясы — 7,04%;
• “Ынман Нуру” партиясы — 7,61%;
• “Эл үмүтү” партиясы — 6,04%;
• “Бүтүн Кыргызстан” партиясы — 5,69%.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтыгы белгилүү болду. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз