Пятница, 22 ноября

Бүгүн парламентте Жээнбековдордун кол тийбестигин алуу маселеси каралат

0

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулат. Бул тууралуу маалымат ЖКнын расмий сайтына жүктөлдү.

Жыйында Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду, Бакыт Жетигеновду кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси каралат. Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлөт.

Эске сала кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев, мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырган. Мурдагы аткаминерлердин баш коргоо чарасы 2022-жылдын 30-январына чейин узартылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз