Бул жылкы Күндүн толук тутулушу 4-декабрда күтүлүүдө.
АКШ Улуттук авиация жана космостук мекемеси 4 — декабрь ишемби күнү ишке аша турган Күн тутулушу Антарктидадан көрүнөрүн билдирди. Күндүн тутулушу Антарктиданын Ронне муз текчесинин жээгине жакын жерде эң чоң өлчөмгө жетет.
Күндүн тутулушунун бир бөлүгүн Австралия, Чили жана Жаңы Зеландиянын айрым аймактарынан да көрүүгө болот.
Күндүн кийинки толук тутулуусу 2024 — жылдын 8 -апрелинде болот.
Ал Канадада, Мексикада жана АКШнын айрым бөлүктөрүндө кеңири көрүлөт.