Экс-вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эльвира Сурабалдиева бир мандатуу округ боюнча талапкерлигин кое тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter аккаунтуна жазган.
«Таарыныч болбосун, бирок мырза бир мандаттуу талапкерлерге бир аз жылышууга туура келет», — деп Сурабалдиева жазган.
Андан тышкары, Биринчи май округу боюнча чыгып жатканын кошумчалады. Бул округдан өз кезегинде анын атасы Жыргалбек Сурабалдиев шайланган экен.
28-ноябрдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо борбор калаанын Биринчи май жана Свердлов райондорунан талапкер болгондор колдоого ээ болгон эмес. Шайлоого келгендердин көбү «баарына каршы» деген добуш беришкен. Мындан улам эки округдагы шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Элвира Сурабалдиева парламенттин алтынчы чакырылышына депутат, 2020-жылы бийлик алмашканда кыска мөөнөткө вице-премьер-министр болуп иштеген.
Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек. Жекшемби күнкү шайлоодогу добуштарды саноо уланып жаткандыктан, расмий жыйынтык азырынча жарыялана элек.