Понедельник, 20 мая

Депутаттар БШКнын мүчөлөрүн чакырып, шайлоо тууралуу маалымат угууну сунуштады

0

Депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн чакырып, шайлоо тууралуу маалымат угууну сунуштады. Бул тууралуу алар бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Мындай маселени депутат Наталья Никитенко, Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов көтөрдү. «Шайлоо таза өттү. Бирок кээ бир жерлерде мыйзам бузуулар болду. Бул боюнча маалымат угушубуз керек», — дейт Айбек Осмонов.

Ал эми Шайлообек Атазов добуш сатып алуу фактылары дагы болгонун билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз