Жакынкы 10 жылда 7,7 миллион адам каза болушу мүмкүн

0

Жакынкы 10 жылда СПИДден 7,7 миллион адам өлүшү мүмкүн. Бул туурасында шашылыш билдирүүнү ЮНЭЙДСтин аткаруучу директору Винни Бьянима 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүн утурлай жасаган өз докладында жарыялаган. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун маалыматтарында жазылган:

«СПИДдин пандемиясы менен күрөшүүдөгү прогресс азыр дагы токтоп турат. Анткени COVID-19 илдети күчөп ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо кызматтарын, мектептеги билимди, зомбулукту алдын алуу программаларын жана башкаларды үзгүлтүккө учуратууда. COVID-19 пандемиясы көптөгөн жерлерде СПИДге каршы күрөштү начарлатып жатат. ВИЧке тестирлөө көрсөткүчү дээрлик бардык жерде төмөндөдү. Көптөгөн өлкөлөрдө ВИЧтин алдын алуу кызматтары кыскартылды. 2020-жылы сурамжылоого катышкан 130 өлкөнүн 65 пайызында баңги заттарды колдонгон адамдардын зыянын азайтуу боюнча кызматтар токтотулган» — деп белгиленет докладда.

Быйыл СПИД илдетинин биринчи жолу катталганына 40 жыл болду. Бул мезгилдин ичинде, айрыкча, дарылоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча эбегейсиз ийгиликтерге жетишилген. 2021-жылдын июнь айына карата 2010-жылдан баштап 28,2 миллион адам ВИЧти дарылоого мүмкүнчүлүк алды.

СПИД менен ооругандардын саны 2020-жылы 1,5 миллион болгон. Адистер инфекциялар негизинен теңсиздик өкүм сүргөн жерлерде болот деп эсептешкен. Сахаранын түштүгүндөгү Африкадагы өспүрүмдөр арасында жаңы ВИЧ инфекциясы өспүрүм кыздар арасында кездешүүдө. Ал эми гейлер, секс кызматкерлер жана баңги заттарын колдонгондордо башкаларга караганда ВИЧти жуктуруп алуу коркунучу 25-35 эсе жогору. COVID-19 пандемиясы көптөгөн жерлерде СПИДге каршы күрөштү начарлатып жатканы белгиленет.

Кыргыз өлкөсүндө жылына 700-800гө жакын ВИЧ инфекциясы катталат. Бүгүнкү күндө 10,3 миңден ашык жарандан илдет аныкталса, 2,3 миңден ашыгы каза болгон. Абал оорлошуп баратат, анткени вирусту жыныстык катнаш аркылуу жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогору.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз