Пятница, 19 апреля

Атазов парламенттин төрагасынын орун басарын шайлоону сунуштады

0

Жогорку Кеңештин 2-декабрдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов парламенттин төрагасынын орун басарын шайлоону сунуштады.

«Комитеттин чечими бар, күн тартибине киргизип берсеңиз», — деди ал төарайымдын милдетин аткаруучу Аида Касымалиевага.

«Ар бир депутат вице-спикерликке шайланууга укугу бар, бирок ыйгарым укуктарыбыздын бүтүшүнө 10 күндөй убакыт калды. Моралдык жактан алганда, бул туура эмес», — деп жооп берди ал кесиптешине.

Айрым маалыматтарга караганда, бул кызматка Экмат Байбакпаевдин («Республика – Ата Журт») талапкерлиги сунушталууда.

Буга чейин парламенттик шайлоого байланыштуу төраганын орун басарларынын бири Нурбек Сыдыгалиев кызматтан кеткен. Дагы бир төраганын орун басары А. Касымалиева Жогорку Кеңештин төрайымынын милдетин аткарат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз