Суббота, 20 апреля

Ахматбек Келдибеков УКМКга сурак берүүгө кирип кетти

0

Саясатчы Ахматбек Келдибеков УКМКга сурак берүүгө кирип кетти.

Ал саат 10:00гө суракка чакырылган. Кечээ, 1-декабрда ал УКМКга барып келген.

Буга чейин Келдибеков эртеңкиге суракка чакыртылганын аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Маалыматка ылайык, УКМК тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын туура эмес көрсөтүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүүдө. Ошол эле учурда буга чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын сайтка чыгарууда негизги серверге сырттан эч кандай кийлигишүүсүз, ар кандай фальсификацияны жокко чыгарган механикалык ката кетирилгендиги тууралуу түшүндүрмө берген.

Бирок бүгүн, 1-декабрда социалдык тармактарда Ахматбек Келдибековдун добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схемаларды көрсөтүп, коомду адаштырып, ошону менен коомдук саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзгөн видео тараган. Буга байланыштуу Келдибеков видеотасмада айтылган жүйөлөрү боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга суракка чакыртылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз