Среда, 24 апреля

Алайда жылкыларга чип тагып жатышат

0

Ош облусунун Алай районунда жылкыларга чип тагуу иштери улантылууда. Район боюнча 17 миң 969 баш жылкы бар.

Аймактык кабарчы билдиргендей, бул иш-чара өзгөчө райондун алыскы аймагында жайгашкан Сары-Таш айыл өкмөтүндө активдүү жүрүп жатат. Аталган айыл өкмөттүн тургундарына бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында чакан семинар уюштурулду. Иш-чарага райондогу мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыктын башчысы Жүрсүн Өмүрзаков, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Көчкөнбай Алиев, Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Тынчыбек уулу жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Райондон келген адистер чип басуунун максаты райондогу жылкылардын санын тактоо, көзөмөлдөө, жоголгон жылкылар болсо табылуусуна көмөктөшүү болорун түшүндүрүштү. Чиптөө менен жылкылар мамлекеттик жалпы базага киргизилип, электрондук документке өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз