Суббота, 20 апреля

Иран армиясы менен «Талибан» кыймылы кагылышты

0

Иран менен Ооганстандын чек арасында иран армиясы менен «Талибан» кыймылынын согушкерлеринин ортосунда кагылышуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кагылышууга «Талибан» кыймылы чек ара кайда экенин билбегени себеп болгон.

Бир нече жыл мурун Ооганстанга жакын Ирандын Систан жана Белужистан провинцияларында чек арага жакын жерде аткезчилер менен күрөшүү үчүн дубалдар тургузулган. Ирандык дыйкандар дубалдын артында, Ирандын аймагында калышкан. Бирок, быйыл августта Ооганстанда бийликти басып алган талиптер дыйкандар Ооганстандын Нимроз провинциясынын Канг районунда калып калган деп чечип, аларга ок чыгарышкан.

Иран армиясы жооп иретинде Ооганстан тарапты аткылаган. Өз кезегинде талиптер Ооганстандан чет элдик аскерлер чыгарылгандан кийин алган техникаларын, атап айтканда «Хамви» брондолгон унааларын колдонушкан.

Учурда ок атуу токтоп, сүйлөшүү жүрүүдө. Жаракат алгандар жана каза болгондор тууралуу маалымат жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз