Пятница, 26 апреля

Өмүрбек Текебаевге кол салууга катышкандар кечирим сурашты

0

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууга катышкандар 3-декабрда партиянын кеңсесине барып, саясатчыдан кечирим сурашты. Алар максаттуу түрдө Текебаевге кол салуу үчүн чогулушпаганын, 1-декабрда өлкөдө тынчтыкты талап кылган акцияга келип капыстан саясатчы менен чыр чыгып кеткенин айтышты. Окуяга катышкандардын бири, Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев мындайча түшүндүрмө берди.

«Биз өкмөт үйүнүн алдында эле турганбыз. Аны өзүңөр деле көрдүңөр. Биз сизди сабайлы деп келген эмеспиз. Болгону ортодо кызыкдар адамдар бизди кагыштырып атат. Сабайлы деп келген кишилер башкача болмок. Ортодо чагым болуп кетти. Негизи биз өкмөт үйүнүн алдында жарым саат, бир саат турдук».

1-декабрда өкмөт үйүнүн алдына Кыргызстанда митинг, пикеттерди токтотууну талап кылгандар чогулуп бирок акция өтпөй калган. Ошол эле күнү алар өкмөт үйүнүн артында жайгашкан Park Hotel мейманканасында отурган Өмүрбек Текебаевге кол салышкан. Саясатчы аны сабагандарга дооматы жок экенин, бирок юридикалык жоопкерчилик болбосо аны уюштурууга катышкандарга саясий баа берилиши керектигин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз